КЕНДИРБАЕВА
КЕНДИРБАЕВА Жумагүл Жумаевна (23. 1. 1949-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Талды- Суу айылы) – геология-минералогия илимдеринин доктору (2004), профессор (2006). ФПИни (1971) бүтүргөн. «Кыргызгипроводхоз» долбоорлоо институтунда инженер (1971–73), Кыргыз ССР ИАнын сейсмология институтунда инженер, илимий кызматкер (1973–90), КРдин саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы «Бейиш» элдик медицина борборунда жетектөөчү илимий кызматкер, бөлүм башчы, директордун илимий иштер боюнча орун басары (1991–2001), И. Арабаев атындагы КМУнун доценти (1991), И. Раззаков атындагы КТУнун профессору (2006), Ж. Баласагын атындагы КУУнун профессору (2007) болуп иштеген, КРдин саламаттык сактоосунун отличниги (1999). 150 илимий эмгектин, анын ичинде 2 монография, 8 патенттин автору. Илимий иштеринин негизги багыты: тоолуу аймактарда табигый шарттын өзгөрүшүнөн суу ресурстарынын тартылуу же суу каптап, топурак кыртышынын сазга айлануу проблемалары.