КЕНДИРБАЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:33, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНДИРБАЕВ Эшмуканбет (туулган жылы белгисиз, азыркы Ысык-Көл облусу, Барскон айылы – 2. 2. 1938, Бишкек) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1916-жылы Түркстан БКнын тапшырмасы м-н Үркүндө Кытайга ка­чып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаш­тыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол ж-а Пиш­пек шаарларында ревкомдун төрагасы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун жер иштетүү б-ча эл комиссары, Жети-Суу облусунун аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими м-н 1921-жылы Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна бай­ланыштуу 1926-жылы кайра туулган жерине кел­ген. Анын демилгеси м-н Тамга кыштагында оору­кана бөлүмү, Барскон кыштагында орто мектеп ку­рулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932) ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылын­ган. 1936-жылы Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү институ­тунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-жылы социал-туран партиясынын мүчөсү деген жал­ган жалаа м-н камакка алынып, атууга буй­рулган. 1961-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.