КЕНДИН АЧЫК КАЗМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНДИН АЧЫК КАЗМАСЫ – кендерди жер үстүнөн казып алуу ыкмасы (к. Карьер). Биз­дин замандан миңдеген жыл илгери жашаган элдер (Индия, Кытай, Кавказ, Эфиопия ж. б.) кен байлыктарды жер үстүнөн ачык казып ал­ган. 1941–45-ж. Улуу Ата Мекендик согуш учу­рунда кендерди ачык түрдө казып алуу иштери өнүккөн. Бардык өндүрүш процесстери механи­калаштырылган. Кенди ачык казып алууда ме­таллга болгон дүйнөлүк керектөөлөрдүн 60–65%, көмүрдүн 30–35% өндүрүлөт. Жер астынан ка­зып алууга караганда көмүр 2,5–3, кенташ 1,5– 2 эсе арзан болот. Эмгек өндүрүмдүүлүгү 20 эсе жогорулайт. К. а. к. төмөнкү этаптарга бөлүнөт: кен казып алууга даярдык көрүү, кенди курга­туу, тоо-кен ж-а капиталдык курулуштарды куруу, кендин үстүн ачуу, тазалоо, казылган­дарды ташуу, тереңдикке үңүлүп кирүү, меха­низмдерди ишке киргизүү. Мындан тышкары кошумча иштер (тектирлерди тазалоо, жол са­луу ж-а оңдоо, суу м-н камсыз кылуу ж. б.). Бургулоо, жардыруу, үңүлмө казуу, жүктөө, ташуу, талкалап майдалоо, экскаватор, скре­пер, жүктөгүч, бульдозер, гидромеханикаларды пайдалануу, циклдүү, циклдүү-потоктуу, поток­туу иштердин негизинде К. а. к. ыкмасы кен байлыктарды үнөмдүү, коромжусуз ж-а кырсык­сыз казууну камсыз кылат.