КЕЛИШИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:37, 16 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЛИШИМ – жарандык укукта эки же андан көп адамдын жарандык укуктарды ж-а милдет­терди (карыз, сатуу, сатып алуу, көтөрүп алуу ж. б.) белгилөө, өзгөртүү же жоюу жөнүндө макул­дашуусу. Келишим оозеки, жазуу жүзүндө же нотариал­дык формада жарандар, укуктук жактар ж-а мамлекет тарабынан түзүлөт. Келишимдин кээ бир түр­лөрү тиешелүү мамлекеттик органдарда катталууга ти­йиш (мисалы, турак үйдү сатуу, сатып алуу келишими ж. б.). Келишим түзүү тараптардын өз ара мамилеле­ринин өзгөчөлүктөрүн, жекече мүдөөлөрдү эске алууга мүмкүндүк берет, ошондой эле анын катышуу­чуларынын укугуна кепилдик берет. Келишимдин шар­тын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт, эгер аны тараптардын бири бузса, келтирилген зы­яндын ордун төлөөгө тийиш. Келишим тышкы соода иштеринде да кеңири пайдаланылып, контракт деп аталат. Келишимди түзүү, аткаруу эрежеси мамле­кеттин жарандык кодексинде каралган. Зарыл­дыгына жараша пландуу же плансыз келишим, түзүлүү тартибине жараша консенстүү (тараптардын ма­кулдашуусу), реалдуу (мүлктү өткөрүп берүү талап кылынат, мисалы, ташуу, карыз, сактоо) ж-а формалдуу (кат жүзүндө же нотариалдык формада) келишим түзүлөт. Көпчүлүк келишимге акы төлөнөт, кээ бир келишимдер (белекке берүү, пайдаланууга берүү, сактоого коюу) акысыз болот. Келишим шарттарын ат­карбагандык же толук аткарбагандык үчүн кү­нөөлүү тарап жарандык укуктук жоопко тар­тылып, мыйзамда же келишимде көрсөтүлгөн айыпты төлөйт же зыяндын ордун толтурат.