КЕЛИШИМ
КЕЛИШИМ – жарандык укукта эки же андан көп адамдын жарандык укуктарды ж-а милдеттерди (карыз, сатуу, сатып алуу, көтөрүп алуу ж. б.) белгилөө, өзгөртүү же жоюу ж-дө макулдашуусу. К. оозеки, жазуу жүзүндө же нотариалдык формада жарандар, укуктук жактар ж-а мамлекет тарабынан түзүлөт. К-дин кээ бир түрлөрү тиешелүү мамл. органдарда катталууга тийиш (мис., турак үйдү сатуу, сатып алуу К-и ж. б.). К. түзүү тараптардын өз ара мамилелеринин өзгөчөлүктөрүн, жекече мүдөөлөрдү эске алууга мүмкүндүк берет, о. эле анын катышуучуларынын укугуна кепилдик берет. К-дин шартын бир тараптуу өзгөртүүгө жол берилбейт, эгер аны тараптардын бири бузса, келтирилген зыяндын ордун төлөөгө тийиш. К. тышкы соода иштеринде да кеңири пайдаланылып, контракт деп аталат. К-ди түзүү, аткаруу эрежеси мамлекеттин жарандык кодексинде каралган. Зарылдыгына жараша пландуу же плансыз К., түзүлүү тартибине жараша консенстүү (тараптардын макулдашуусу), реалдуу (мүлктү өткөрүп берүү талап кылынат, мис., ташуу, карыз, сактоо) ж-а формалдуу (кат жүзүндө же нотариалдык формада) К. түзүлөт. Көпчүлүк К-ге акы төлөнөт, кээ бир К-дер (белекке берүү, пайдаланууга берүү, сактоого коюу) акысыз болот. К. шарттарын аткарбагандык же толук аткарбагандык үчүн күнөөлүү тарап жарандык укуктук жоопко тартылып, мыйзамда же К-де көрсөтүлгөн айыпты төлөйт же зыяндын ордун толтурат.