КЕЙП-ЙОРК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:57, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЙП-ЙОРК – Австралиянын түндүк-чыгышын­дагы жарым арал. Коралл (Шуру) деңизи м-н Карпентария булуңунун аралыгында. Аянты 300 миң км2. Түндүктөн түштүктү карай 600 кмге созулат, жазылыгы 200 кмге чейин. Түндүгүндө Австралиянын эң түндүк чекити – Йорк тумшугу жайгашкан. Жеринин бети негизинен түздүктүү; чыгыш бөлүгүндө Мак-Илрейт кырка тоосу жай­гашкан (эң бийик жери 685 м, Картер чокусу).
Негизги дарыялары – Уэнлак, Арчер. Боксит кени казылып алынат (Уэйпада). Эвкалипт то­кою, чыгышында дайыма жашыл нымдуу ж-а тропик токою басымдуу. Жардин-Ривер, Ар­чер-Бенд улуттук парктары бар. Жээгинде Порт-Стьюарт порту жайгашкан.