КЕЗДЕШҮҮЧҮ КАЗМАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕЗДЕШҮҮЧҮ КАЗМАЛАР – бир мезгилде эки тараптан бири-бирин көздөй жүргүзүлгөн жер асты б-ча казмалардын бир чекиттен кездешүү ыкмасы. Тереңдеги кен байлыктарды казып алууда ишти тездетүү үчүн колдонулат. Шахта­да жаңы түздүктөр бөлүнөт. Участкалар даяр­далат. Маркшейдерлер эки тараптын багытын аныктап, ката кетирбей текшерип турат. Айыр­мачылык бир нече смден ашпоо керек.