КВЕДЛИНБУРГ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:06, 15 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВЕ́ДЛИНБУРГ – Германиядагы шаар. Саксо­ния-Анхальт жеринин курамында. Гарц тоосу­нун түндүк этегинде, Боде дарыясынын боюнда жайгаш­кан. Калкы 22 миң (2008). Шаар 922-жылдан эскерилет. Чиркөөлөр, ратуша, шаардын эски бөлүгүндө модерн стилиндеги үйлөр сакталган. Роман стилиндеги Штифтскирхе сепили ж-а шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурас­тын тизмесине кирген. Шаардын экономикасы­нын негизин туризм түзөт. Үрөнчүлүктүн ж-а жа­шылча селекциясынын, гүл өстүрүүнүн ири бор­бору. Музейлер, жазуучу Ф. Г. Клопштоктун үй-­музейи, ИИИлер ж. б. бар. Металл иштетүү,

Роман стилиндеги Штифтcкирхе чир­көөсү. 1070–1129.

прокат өндүрүшү, фармацевтика, жыгаччылык, тамак-аш – татымал өнөр жай ишканалары иш­тейт. Туризм өнүккөн.