КВАРТЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:34, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАРТЕ́Т (латынча quartus – төртүнчү) – 1) төрт аткаруучудан (аспапчылардан же вокалист­терден) турган ансамбль. Аспаптык квартет кылдуу, тартма, үйлөмө жыгач, үйлөмө жез аспаптар­дан турган бир беткей, ошондой эле аралаш болушу мүмкүн. Курамы эркектерден же аялдардан (соп­рано, альт, тенор, бас) турган жана аралашма во­калдык квартеттер да болот; 2) 4 аспап же 4 ырчы үчүн жазылган музыкалык чыгарма. Аспаптык квартетте не­гизинен ансамблдик-камералык музыка басым­дуу орун ээлейт. Алар көбүнчө соната түрмөгүндө жазылган чыгармалар. Айрым операларда, ора­торияларда да квартет кездешет.