КВАНЖУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:12, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАНЖУ́ – Корей Республикасынын түштүк-батышында­гы шаар. Йонсанган түздүгүндө, Сеулдан 320 км түштүктө жайгашкан. 1986-жылдан шаар ай­ланасы м-н провинциянын деңгээлиндеги ста­туска ээ. Калкы 1,3 млн (2008; шаар айланасы м-н 1,6 млн). Жолдор тоому. Метрополитен (2004) иштейт. Алгач Корё мамлекетин негизде­ген король Ван Гон бийлеген мезгилде 940-жылы эскерилген. 1948–2005-жылдарда Чолла-Намдо про­винциясынын административдик борбору болгон. Шаар агло­мерациясынын чыгыш бөлүгүн Мудынсан пар­кы ээлейт. Анын этегинде будда храмдары жай­гашкан. Кванжу өлкөнүн ири өнөр жай борбору. «Kia Motors» компаниясынын автомобиль заводу (жы­лына 350 миң), аккумулятор батареялары, элек­троника приборлорун ж-а алардын компонент­терин өндүрүүчү, текстиль (кебез-кездеме), та­мак-аш (айыл чарба азыктарын белендейт ж-а сактайт) өнөр жай ишканалары иштейт. Тогуз ЖОЖ (анын ичинде улуттук, педагогикалык ж-а жеке менчик), музейлер (анын ичинде улуттук, көркөм ж. б.), мемориалдык парк бар. Айыл чарбалуу аймактын ири борбору. Шалы, курма өстүрүү, жүзүмчүлүк өнүккөн. Шаардан 50 км түндүк-батышта «Йонгван» АЭСи (Азияда­гы эң ири; кубаттуулугу 5900 МВт) курулган.