КВАДРАТТЫК ТЕҢДЕМЕ
КВАДРАТТЫК ТЕҢДЕМЕ – экинчи даражадагы, башкача айтканда, ах2+bx+c=0 түрүндөгү бир белгисиздүү алгебралык теңдеме; мында a:;0, a, b, c – чыныгы сандар, башкача айтканда коэффициенти. D=b 2–4ac туюнтмасы
ах2+bx+c квадраттык үч мүчөнүн дискриминанты деп аталат. Квадраттык теңдеме эки тамырга ээ: x1,2=
- b ±
=
b2 - 4ac
2a
ж-а эгер D>0 болсо, анда тамырлары чыныгы ж-а түрдүү, качан D=0 болсо тамырлары дал келишет, качан D<0 болгондо чыныгы тамырга ээ болбойт, теңдеменин тамыры комплекстүү сандар (түйүндөш комплекстүү) болот. Квадраттык теңдеменин коэффициенттери ж-а тамырлары үчүн франциялык математик Ф. Виеттин теоремасына ылайык x1 + x2 = - c , x1 · x2 = c / a катышы аткарылат.
Бул теорема өзгөчө келтирилген квадраттык теңдеме үчүн өтө ыңгайлуу: x +x =–p, x ·x =q. Б. з. ч. 20-кылымдагы вавилондуктардын чопо такталардагы жазууларында квадраттык теңдеменин түшүндүрмөсүз чыгарылыштары болгон ж-а чыгарылыштарды көптөгөн математиктер изилдеген.