КАШКА-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКА-СУУ МӨҢГҮЛӨРҮ Чоң Алай кырка тоосунун түндүк капталында, Алтын-Дара суусу­нун алабында жайгашкан. Азыр анда этек мо­реналары туташ жаткан, өрөөн тибиндеги үч мөңгү бар. Анын экөө (Ортоңку ж-а Батыш Кашка-Суу мөңгүлөрү) ири мөңгү. О р т о ң к у м ө ң г ү н ү н узундугу 5,5 км, аянты 4,8 км2. Абляциясынын аян­ты 1,3 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5500 м, этеги 3940 м бийикте жатат. Кар чегинин би­йиктиги 4300 м. Б а т ы ш м ө ң г ү н ү н узундугу 5,5 км, аянты 5,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5500 м, этеги 4080 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийиктиги 4500 м. Абляциясынын аянты 1,5 км2. Мөңгүлөрдөн Кашка-Суу башталып, Миң-Теке м-н кошулуп, Алтын-Дарага (Кызыл- Суунун сол куймасы) сол жактан куят.