КАШКАР ТҮЗДҮГҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКАР ТҮЗДҮГҮ , Т а р и м т ү з д ү г ү Батыш Кытайда, Теңир-Тоо, Памир, Куньлунь ж-а Бэйшань тоолору курчап турат. Узундугу батыш­тан чыгышка 1200 км, туурасы 500 км, бийиктиги чыгышта 780 м (Лобнор көлүнө жакын), батыш­та 1500 м. Кашкар түздүгүнүн басымдуу бөлүгүн Такла- Макан кумдуу чөлү ээлейт. Тоо этектерин бой­лой шагыл ж-а кум-топурактуу чөкмөлөрдөн турган айдөөш делювий шилендилери жатат. Оёңдордо шор жерлер кездешет. Климаты мелүүн (жылуу, кескин континенттик, чөлдүү). Жайы ысык (июлдун орточо температурасы 25–26°Сге чейин), кышы кыска, аяздуу –20°С, карсыз. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден аз, көбүнчө жайында жаайт. Ири дарыялары: Тарим, Хотан, Каш­кар, Ак-Суу, Кончедарыя. Эң ири көлү – Лоб­нор (Тарим ж-а Кончедарыя төмөнкү агымда­рында нуктарын өзгөрткөндүктөн, көл орун ко­торуп турат). Чөл ландшафты үстөмдүк кылат. Дарыя өрөөндөрүндө тал, терек, бадалдар өсөт. Оазистерде ж-а тоо этектериндеги түздүктөрдө дыйканчылык ж-а жемиш багын өстүрүү өнүккөн. Кашкар түздүгүндө Кашкар, Ак-Суу, Жаркент (Яркент) шаарлары жайгашкан.