КАШКА-СУУ (Аксы районундагы кыштак)
КАШКА-СУУ – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Кашка-Суу айыл округунун борбору. Деңиз деңг. 1557 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 15 км батыш тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 87 км. Калкы 3620 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто ж-а негизги мектеп, амбулатория, мад-т үйү, китепкана бар.