КАПТАЛДАП СҮЗҮҮЧҮЛӨР
КАПТАЛДАП СҮЗҮҮЧҮЛӨР (Amphipoda) – татаал түзүлүштүү рактар түркүмү. Узундугу 1–2 смден 28 смге жетет. Көпчүлүк түрүнүн денеси капталынан кууш, башы 1–2 көкүрөк муунагы м-н биригип, кыймылсыз. Көкүрөк бутунун алдыңкы экөөнүн кыпчууру бар. Курсагында эки ача 3 жуп сүзгүч буту ж-а секирүүгө ыңгайланган буттары болот. Капталдап сүзөт (аталышы ошондон). 4500гө жакын түрү көбүнчө деңизде, айрымдары тузсуз көлдө жашайт. Кээ бири жырткыч, мисалы, кит биттери – кит эктомителери. Өздөрү балыктарга жем.