КАНСЫЗ СОГУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:23, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНСЫЗ СОГУШ (англ. Cold War) – ар кандай социалдык-экономикалык системадагы (социалисттик жана капиталисттик) мамлекеттердин эки блогунун ортосундагы кеңири (геосаясий, аскердик, технологиялык, экономикалык жана идеологиялык) масштабдагы тирешүүнүн маанисин түшүндүргөн саясий термин. Экинчи дүйнөлүк согушта (1939–1945) Германия, Италия жана Япониянын жеңилиши дүйнөдө­гү саясий абал кайрадан өзгөрүп, эки күчтүү дер­жава – СССР ж. б. Экономикалык өз ара жардамдашуу совети, Варшава келишиминдеги социалисттик өл­көлөр менен АКШ жана анын Түндүк Атлантика согуш блогундагы (НАТО) союздаштарынын ортосунда согуштук-саясий конфронтацияны жараткан. Алардын жеке кызыкчылыгы өз алдынча саясий догмага айланып, бул учур курал-жаракты түз пайдаланбай, башкача айтканда бири-бирине каршы турган согуштук-саясий блок, стратегиялык-согуш базаларын жана плацдармдарды түзүү, түрдүү экономикалык кысымдарды (эм­барго, экономикалык блокада) кеңири колдонуу менен мү­нөздөлгөн. Кансыз согуш негизинен Октябрь революциясынан (1917) кийин Советтер Союзунда марксизм-ленинизм­дик идеологияга басым жасалышына байланыш­туу эки системанын (кара: Капитализм, Социа­лизм) карама-каршылыгы күчөп, акыры про­летариаттын жардамы менен акыры социализм жеңип, коммунизм орнойт деген илимий көз караш ар­кылуу калыптанган. 1945-жылдан кийин дүйнө­дөгү көп полюстуу өнүгүү эки гана полюстуу (би­полярдык) өнүгүүгө өтүп, өзгөчө 1947-жылы У. Чер­чиллдин Фултондогу (АКШ) сүйлөгөн сөзүнөн кийин мындай тирешүү өзүнүн эң жогорку дең­гээлине жеткен. Ал эми дүйнөдө социалист­тик лагердин түзүлүшүнө байланыштуу ядро­лук (АКШда 1945-жыл, СССРде 1949-жыл), водо­роддук бомбаларды (АКШда 1952-жыл, СССРде 1953-жыл) сыноо ж. б. жаңы согуштук куралды өнүктүрүү күч алган. АКШ Түндүк Атлантика со­гуш блогун (НАТО), СССР Экономикалык өз ара жардам­дашуу кеңешин (СЭВ) жана Варшава келишимин түзгөн. Мындай тирешүүлөр Германиянын ГДР менен ГФРге (1949) жана Кореянын Түндүк, Түштүк бо­луп бөлүнүшүнө (1953) алып келген. 1960-жыл­дардын аягында Чыгыш Европада СССРдин үстөмдүгүнүн бекемделиши жана АКШнын Вьет­намга ийгиликсиз интервенциясы, Кытай менен СССРдин ортосундагы коммунисттик идеология­дагы келишпестик жана кошулбоо кыймылынын түзүлүшү, 1960-жылдарда кансыз согуштун курчтугун азайткан. Эки өлкөдө тең салмактуу (паритет) абал түзүлүп, саясий мамилелер да өзгөрө баш­таган. Эки мамлекеттин ортосунда мамиленин жакшырышына байланыштуу атмосферада, кос­мосто жана сууда ядролук куралды сыноого тыюу салуу (1963), аны таратпоо келишимдери (1968) түзүлгөн. 1970-жылы АКШ менен СССРдин ортосунда стратегиялык куралданууну чектөө (ОСВ-1, ОСВ-2) жана ракетага каршы коргонуу (ПРО) ке­лишимдерине кол коюлган. Бирок 1979-жылы СССРдин Афганстанга аскерин киргизиши жана АКШнын ОСВ-2 келишимин ратификациялоо­дон баш тартышы менен эки мамлекеттин мами­леси начарлап, кансыз согуштун күчөшүнө түрткү бол­гон. 1980-жылдардагы Советтер Союзундагы кай­ра куруу, айкындуулук, куралсыздандыруу (ку­ралданууну контролго алуу) боюнча сүйлөшүүлөр, 1989-жылы советтик аскерлердин Афганстандан чыгышы, социалисттик лагердеги, кийин СССРдеги саясий-экономикалык кризистер, Варшава келишиминин таркатылы­шы (1990), Германиянын биригиши (1990) Чы­гыш-Батыш мамилелеринин жөнгө салынышы­на шарт түзгөн. Натыйжада Чыгыш менен Батыш­тын ортосундагы эл аралык мамиленин курчу­шун күчөтө турган экономикалык, илимий-техникалык шарттар не­гизги ролун жоготкондуктан, 80-жылдардын аягында – 90-жылдардын башында мурдагы социалисттик системадагы көптөгөн өлкөлөр демократиялык негизде кайра түзүлүшү кансыз согуш токтошуна алып келген.