КАМПАЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 29 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАМПА́ЛА – Уганда Республикасынын борбору, шаар. Борбордук облусунун административдик борбору. Виктория көлүнүн түндүк жээгине жакын, деңиз деңгээлинен 1300 м бийик­те жайгашкан. Калкы 1,7 млн (2024; өлкөдөгү эң ири шаар). Эл аралык аэропорту бар. 1890-жылы негизделген. 15-кылымда Буньоро королдугунун ку­рамына кирген; 1905-жылга чейин Британия коло­ниялык администрациясынын резиденциясы болгон. 1949-жылдан шаар статусуна ээ. 1962- жылдын апрелинен Уганданын борбору (Энтеб­бе шаарынан кийин). Тамак-аш–татымал, текстиль, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Университет (1970, улуттук), илимий мекемелер (анын ичинде Уганда коому ж. б.), институттар (айыл чарба ж-а мал чарба про­дукциясын изилдөөчү, Чыгыш Африка регион­дук), калк китепканасы, археологиялык изилдөөлөр­дүн борбору, музей (Африка музыкалык аспаптары­нын кайталангыс коллекциясы сакталган), те­атрлар бар. Архитектура эстеликтеринен Рубага со­бору, Буганда королдорунун күмбөздөрү сак­талган.