КАМАН
КАМАН , д о ң у з (Sus) – чочколор тукумунун уруусу.

Анын 3 түрү (каман, сакалчан чочко, кидик чочко) белгилүү. Камандын (жапайы чочко) узундугу 2 мге, салмагы 300 кгга жетет. Астыңкы ж-а үстүңкү кылкайма тиштери чоң (айрыкча эркегиники), ууртунан чыгып, жогору кайрылып турат. Денеси кылчык жүндүү, кышкысын кылчык жүнүнүн түбү жумшак жүн м-н капталат. Чоң каман күрөң түстө, торопою агыш, узата ак темгилдүү. Түндүк Африка, Европа, Азия, Балтика бою, Беларуссия, Украина, Борбордук Азия ж. б. жерлерде, көбүнчө токойлордо кездешет. Кыргызстанда Сары-Челек, Арстанбапта көп жолугат. Өсүмдүк тамыры, жапайы алма, доңуз жаңгак, чөп ж. б. м-н азыктанат. Негизинен топтошуп, эркеги куут мезгилине чейин жалгыз жашайт. Кууту ноябрь – январда жүрүп, март-май айында ургаачысы 4–6 торопой тууйт. Эти тамак-ашка, териси булгаары жасоо үчүн колдонулат. Камандан үй чочкосу келип чыккан. Кидик чочко ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.