КАЛЬКА (көчүрмө)
КА́ЛЬКА (французча саlque – көчүрмө) – жогорку сапаттагы тунук кагаз же тунуктук бериш үчүн майлардын эритмеси, чайыр, мом дагы ушул сыяктуу сиңирилип, пахта-кагаз кошулуп жасалган жука кездеме; чертёж-чиймелердин копиясын алыш үчүн колдонулат; ушул материалга түшүрүлгөн чертёждун копиясы да калька деп айтылат.