КАЛЫП (этнографияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:39, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАЛЫП этнографияда to КАЛЫП (этнографияда)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЫП э т н о г р а ф и я д а – жасалуучу, куюлуучу ар кандай нерсенин же буюмдун түрүн түшүрүү үчүн колдонулуучу үлгү, кеп. Калып көбүнчө зергерчиликте кеңири тараган. Зергерлер күлбо­то топуракка жүн, тыбыт жана кылтак кошуп аябай ийлеп, чөйчөкчө кылып кургатып, ага ар кандай оймо-чийме түшүрүп, калып жасашкан. Ат жабдыктарын, кемер кур, кыз-келиндердин асем буюмдарын жана башкаларды жасаш үчүн түстүү металл­дарды куюуда кеңири колдонушкан. Ортосунда ар кандай чоңдуктагы бир нече ок куюулуучу чуңкурлары бар жиксиз беттелүүчү эки бөлөк жалпак май таш – ок калып же калып таш, так­тайдан чарчы түрүндө жасалып, кыш, көң куюл­са, кыш же көң куюучу калып деп аталат.