БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ
БАЙЫРКЫ ЕВРЕЙ ТИЛИ – семит тилдеринин бири. Библия (Эски осуят, биздин заманга чейин 12–3-кылымдар) жана Палестинадагы жазмалар (биздин заманга чейин 8–2-кылымдар) аркылуу белгилүү. Биздин заманга чейин оозеки түрдө өнүккөн. Байыркы еврей тили илгери ханакей, кийин мишнаит (Талмуддун алгачкы үлгүлөрү) тилдери деп аталган. Байыркы еврей тилинде диний, философиялык-илимий жана көркөм адабий чыгармалар жаралган. Бул тил кийин көп өзгөрүүлөргө учураган. Анын «мураскору» иврит тилинин лексикасында семит элементтери басымдуу.