КАЛПАК БААТЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:27, 13 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛПАК БААТЫР Стамбек уулу (болжол менен 1805-1847, Мазарлуу Кара-Суу, азыркы Кант шаарына жакын) – казактар менен согушта (кара: Кене­сары хандын чапкыны) эрдик көрсөткөн баатырлар­дын бири. Казактар келип, капысынан Калпак­тын айылын курчап калганда, чөгөрүлгөн төөлөргө жашынып, аларды аткылап, айылга жолотпой турган. Инилери Мамбет, Түлөкабыл­дар менен казактардын чабуулун үч жолу кайрып, куйган огу түгөнгөндө, мылтыгына кыз-келиндердин шуру-­мончокторун салып аткылаган. Бетине жабы­шып калган шуру экенин билип калган казак­тар күн чыга жапырт ат коюп, айылга кирип келген. Бул согушта 18 жаштагы Мамбет менен Калпак баатырдын 28 үй-бүлө мүчөсү, жакын тууганы Су­банбек кошо өлгөн. Түлөкабыл казакты аралай чаап кутулуп кеткен. 19 жеринен ок жеп, жа­радар болгон Калпак баатырды казактар кылычтап өлтүрүп, сөөгүн төөнүн үстүнө жайып кетишкен. Оозеки фольклордо Калпак баатырдын эрдиги жөнүндө көптөгөн аңыз кептер айтылып калган.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Эсенкул Төрөкан уулу. Кыргыздын кыскача санжырасы. Т. 1. Б., 1995.

Э. Турганбаев.