КАШАТ (Ысык-Көл районундагы кыштак)
КАШАТ – Ысык-Көл районундагы кыштак. Темир айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1718 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон- Ата шаарынан 30 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 108 км. Калкы 3615 (2009); негизинен мал менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, клуб бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.