КАТАПУЛЬТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАПУ́ЛЬТА (латынча catapulta, грекче kata – ыл­дый жана раllein – ыргытуу дегенден) – 1) кый­раткыч нерселерди (жумуру таш, учталган ус­тун, өрттөнмө челек жана башкалар) чыйратылган серпил­гич аркандын жардамы менен ыргытуучу байыр­кы аскер куралы. Анын ыргытуу алыстыгы 250–850 мге жеткен. Байыркы гректер жана рим­диктер катапультаны сепилдер менен чептерди алууда пай­даланган; 2) кемелердин палубасынан кыска ара­лыкта самолёт, планер жана башка учуучу аппарат­тарга баштапкы (старттык) ылдамдык берүүчү түзүлүш; 3) зарыл учурда учуп жүргөн учкучту же космонавтты отурган орундугу менен кошо автоматтык түрдө серпип (катапульталап) чы­гаруучу курулма. Катапульталанган учкуч же космонавт жерге парашют менен түшөт; 4) механизмдерди сыноодо, катапульталоо ыкмаларын иштеп чыгууда, уч­кучтар менен космонавттардын ашыкча күч келүүлөргө машыктырууда колдонулуучу жер үстүндөгү курулма.