КАТАКОМБА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:30, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАКО́МБА – жер алдындагы жасалма же табигый жайлар. Илгери диний ырым-жырым өткөрүү, табыт коюу үчүн пайдаланылган. Катакомба Римдин чет жакалары, Египет, Алдыңкы жана Кичи Азия жана башка жерлерде кездешет.

Катакомба маданияты: 1, 2 – чопо идиштер; 3 – жарма көр жана ага коюлган сөөк; 4 – жез бычак; 5 – жез шибеге.

Байыркы Рустун катакомба сымал жайлары Киев-Печора лавра­сында сакталып калган. Мурда таш жана башкалардан алын­ган жер астындагы казмалар да катакомба деп аталат. Одесса менен Ажимушкайдын айтылуу катакомбаларын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде советтик партизандар душманга каршы күрөштө пайда­ланган. Кыргыз жеринде I–V кылымдарда жашаган көчмөн уруулардын казанактуу көрлөрү катакомба деп шарттуу аталат.