КАСКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́СКА (испанча сasco – баш сөөк, туулга) – адамдын башын калкалоочу атайын баш ки­йим. Башты снаряд чачырандысы, ок, таш жана башка нерселерден сактайт. Касканы аскерлер, өрт өчүргүч­төр, курулушчулар, жер астында иштегендер киет. Каска металлдан, лакталган булгаарыдан, пластмассадан жана башка материалдан жасалат. Ал коло доорунда пайда болуп, азыркыга чейин бардык өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө пай­даланылат.