КАРГА АКЕ Мендегул уулу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРГА АКЕ , Карга Мендегул уулу (1718, туул­ган жери белгисиз – 1828, азыркы Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Даркан айылы) – Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; Батыш Сибирь генерал-губернатору менен сүйлөшүү үчүн 1824-жылы элчи жиберүүгө демилге көтөргөн бий­лердин бири. Карга аке кара кылды как жарган ка­лыс болгондуктан, эл ичинде «калыстыкты Кар­гадан тап» деген сөз калган. Мындан тышкары «Жетимге санаалаш, жесирге каралаш бол», «Кайратты элден, келбетти жерден ал», «Таза­лыкты суудан, ынтымакты туудан ал» деген накыл сөздөр Карга акеге тиешелүү делет. 1996-жылы ага күмбөз тургузулган.

К. Асанбеков.