КАРАЧ АКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:51, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КАРАЧ АКЕ to КАРАЧ АКЕ Мендегул уулу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАЧ АКЕ , Карач Мендегул уулу (1837, туул­ган жери белгисиз – 1914, азыркы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Чолок айылы) – Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; чечен. Калыс­тыгынан тайбаганы үчүн бир нече жолу болуш болуп шайланган. Уруулар аралык чыр-чатак, жаңжал-доолорду калыс карап, туура чечкен­диктен, ал чечен Карач аталган. Карач акенин теги калмак экени, олжого түшүп, Шапак баатыр асырап алганы тууралуу аңыз кептер айтылат.

К. Асанбеков.