КАРАСАРТОВА Койсун

КАРАСАРТОВА Койсун (1926, Нарын облусу, Ат- Башы району, Кара-Суу айылы – 9. 5. 2009, Нарын шаары) – драма артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1997). Нарын театрында (1940–1949), М. Баетов атындагы маданият үйүндө (1949–1951), Ысык-Көл (1951–1961), Нарын (1961-жылдан) драма театрларында иштеген. К. Карасартова ар түрдүү жанрдагы спектаклдерде көптөгөн образдарды жараткан.

Аткарган ролдору: Гүлгаакы (К. Жантөшев,«Курманбек»), Шалтаке (К. Маликов, «Алмашым»), Айкүмүш (Ж. Садыков, «Таабалды Пудовкинди эскерип»), Парчагүл (С. Кожониязов, «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө»), Келин (Ж. Абдыкадыров, «Жүрөгүм менин тоолордо»), Бакыттын эжеси (С. Раев, «Күн кармаган бала»). Карасартова ырчы катары да белгилүү. Кыргыз, казак, өзбек, уйгур ырларын С. Андабеков менен бирге чебер аткарган. Медалдар менен сыйланган.