КАРАКОЛ КЕНЧИ (коло жана эрте темир доорлоруна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 25 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ КЕНЧИ Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы Каракол айылынын жанынан 1976-жылы табылган. Кенч соңку коло доору жана эрте темир дооруна тиешелүү беш канжардан ту­рат. Канжарлардын узундугу 29,5 см, туурасы 5,2 см. Кээсинин сабынын башында жылкынын, кой­дун сөлөкөттөрү түшүрүлгөн. Ар түрдүү калыпта куюлуп, көлөмдөрү бири-биринен айырмаланга­ны менен негизги жасоо ыкмалары, саптарынын башында жаныбарлардын келбеттеринин тү­шүрүлүшү боюнча бир устанын колунан чыкканды­гын далилдеп турат. Археолог Д. Ф. Винник, Е. Е. Кузьмина жылкынын жана койдун келбет­теринин түшүрүлүшүн коло доорундагы элдердин мифологиясында, фольклорунда бул жаныбар­лардын кеңири тарашы менен байланыштырышат.