БОЗ КҮРӨӉ ТОПУРАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Dilde moved page БОЗКҮРӨӉ ТОПУРАК to БОЗ КҮРӨӉ ТОПУРАК) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ КҮРӨӉ ТОПУРАК – кургакчыл субтропик алкагынын бадалдуу тоолорундагы топурак тиби. Ал 1,5–3,5% чиринди, 0,1–0,3% азот, 8— 14% карбонаттан турат. Жогорку катмары жумшагыраак, ал эми ортоӊку катмары өтө чополуу болгондуктан нык келет. Ал кадимки шалбаа, жетилбеген ж-а гипстопуракка бөлүнөт. Закавказьеде, Орто Азияда тоо этектеринде болот. Кыргызстанда ал каралжын боз же күрөӊ карбонаттуу келет. Механикалык курамында оор ж-а чопо минералдар көп болгондуктан сугарганда топурак тез катат. Бирок, беде эгилгенде структурасы кайрадан калыбына келет. Боз көрүң топурактуу жерге пахта, дан өсүмдүктөрү эгилип, жүзүм, өрүк, шабдалы, анар, мисте өстүрүлөт.