КАЛМАК-КЫРЧЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:01, 13 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛМАК-КЫРЧЫН – Жалал-Абад облусунун Су­зак районундагы кыштак. Курманбек атындагы айыл округуна караштуу. Көгарт суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1550 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Сузак кыштагынан 67 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 40 км. Калкы 1848 (2022); негизинен аарычылыкта эмгек­тенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, ФАП, Курманбек баатырдын күмбөзү бар.