КАЙЫҢ-ТАЛАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:19, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢ-ТАЛАА – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Кызыл-Жар айыл окру­гуна караштуу. Алайкуу өрөөнүндөгү Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2120 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Кара- Кулжа кыштагынан 107 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 195 км. Калкы 1475 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мек­теп, китепкана, медпункт бар. Турмуш-тиричи­лик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Чек арачы А. Сидровго эстелик тургу­зулган.