КАЙЫРМА (куш)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАЙЫРМА to КАЙЫРМА (куш)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫРМА , с о н о (Anas platyrhynchos) – өрдөктөр тукумундагы куш. Дене узундугу 60 см, сал­магы 0,8–1,4 кгга жакын. Жазында кайырманын эр­кеги кооз, башы, мойну кочкул жашыл, кана­тында кызгылт-көк сызыгы бар, жайында со­носуна (ургаачысына) окшош. Европа, Азия ж-а Түштүк Америкада кеңири таралган. Кышын­да жылуу өлкөлөргө учуп кетет. Суу боюна уя­лайт, соносу 8–14 жумуртка тууп, 26–28 күн басып чыгарат. Жеми – суу өсүмдүгү, уруктар ж-а майда омурткасыздар. Кайырмадан бакма өрдөк келип чыккан. Аңчылык кылынат.