КАЗЫБЕК (Ат-Башы районун­дагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:41, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КАЗЫБЕК 1 to КАЗЫБЕК (Ат-Башы районун­дагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЫБЕК (мурдагы Пограничник), К ы з ы л - Ж ы л д ы з – Нарын облусунун Ат-Башы районун­дагы кыштак. Казыбек айыл округуна ка­раштуу. Райондун борбору Ат-Башы кышнан 40 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 259 км. Калкы 3821 (2007); негизинен мал м-н алектенип, топоз багышат. Орто мектеп, ки­тепкана, маданият үйү, оорукана, дарыкана ж. б. бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекен­дик согушта курман болгондорго эстелик тургу­зулган.