КАШАТ (Ысык-Көл районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШАТ – Ысык-Көл р-нундагы кыштак. Темир айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1718 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон- Ата ш-нан 30 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 108 км. Калкы 3615 (2009); негизи­нен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепка­на, бала бакча, ФАП, клуб бар. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго эстелик тур­гузулган.