КАЧЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:29, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЧЫР (лат. mulus) – жылкы (бээ) м-н эшек­ти аргындаштыруудан алынган үй жаныбары. Чоңдугу, ийкемдүүлүгү жылкыга, чыдамдуулу­гу, иштемчилдиги эшекке окшош. Качыр көп жыл жашайт, пароплазма ж-а инфекция анемиясы­на дээрлик чалдыкпайт. Тоютту колдон талап кылбайт. Качыр тукум бербейт. Өңү негизинен өзүн тууган бээникине окшош. Күч унаа катары пай­даланылат. Иштемчилдигине жараша жүкчүл ж-а чегилме качырга бөлүнөт. Ыйык жалынан би­йиктиги: жүкчүл качырдыкы 110–140 см, чегилме качырдыкы 160 см. Жүкчүл качырдын салмагы 300–400 кг. Качыр Борбордук Азияда, Закавказьеде, ошондой эле. Азия, Африка өлкөлөрүндө, Европанын түштүгүндө ж. б. асыралат.