КАЧМА ТОП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЧМА ТОП – балдар оюну. Балдар эки топко бөлүнүп таяк кармашып, кайсы топтун өкүлү анын эң учун кармаса, оюнду баштап, топту ча­буу укугун алат. Топ тоскон тараптагылардын бирөө оюнчуларга топ салып берип турат. Кал­гандары чабылган топту тосуп, белгиленген чек­ке (30–50 м) чуркап бара жаткан балдарды топ м-н урушат. Чабылган топту жерге түшүрбөй тосуп же качып бара жаткан балдарды урганда тийгизсе, алар тарап оюнду жеңген болот. Эгер өнөктөштөрдүн баары топту бирден чаап бүтүп, эң акырында калган бала топту үч жолу удаа чапканга чейин аркы чекке барып кайткан бала жок болсо, ал тарап утулган болот. Оюнчулар­дын кезеги алмашылып, 2-тарап топ чабууга келет.