КАФКА
КА́ФКА Франц (3. 7. 1883, Прага – 3. 6. 1924, Вена, сөөгү Прагага коюлган) –

австралиялык жазуучу. 1901–06-ж. Париж ун-тинин юридика ф-тинде окуган. Чыг-лыгы 1909-жылдан башталган. «Өкүм» (1913), «Кочегар» (1913), «Кубулуу» (1916), «Америка (1914), «Процесс» (1915), «Сепил» (1922) романдарында ж-а икая формасындагы аңгемелеринде бурж. дүйнөдөгү адамдын трагедиялык турмушу, алсыздыгы көрсөтүлгөн. Коркунучтуу окуяларды ж-а таң каларлык кубулуштарды сүрөттөөдө («Кубулуу» жыйнагы, 1916) чындыктын өзүнө окшотуп жазган стили м-н өзгөчө таасирдүүлүккө жеткен. Мүнөзгө эмес, мүнөздүүлүккө (коркуу, өкүнүү, куса болуу ж. б. учурларга) өзгөчө көңүл бурганы К-ны экспрессионисттерге жакындаштырат. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.
Чыг.: Избр., М., 1989; Кубулуу. «Тулпар»,– ¹ 1–
2, 1993.
Ад.: Затонский Д. В. Кафка и проблемы модернизма. 2-е изд. М., 1972; Зусман В. Г. Художественный мир Ф. Кафки: Малая проза, Н. Новгород, 1996.