КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАУЧУКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР – айрым органда­ры ж-а ткандары каучук пайда кылып, аны топтоочу өсүмдүктөр (гевея, көк сагыз ж. б.). К. ө-дүн ар кандай тукумдарга кирген 1500дөн ашык түрү белгилүү, бирок азы гана ө. ж-да ке­ректелет. К. ө. каучук топтолуучу ткандарына карата латекстик (каучук сүт ширесинде), хло­ренхималык (өркүн м-н жалбырактын жашыл тканында) ж-а паренхималык (сабак, тамырын­да) болуп бөлүнөт. Булардын ичинен латекстүү дарактарда (гевеяда) каучук өтө көп, оңой алы­нат, ал дүйнөдөгү алынуучу каучуктун 95%ин берет. Калган 5%и башка тропик дарактары­нан (сапиум, маннок, фикус, кастилла ж. б.) алынат. Латекстик К. ө. (тоо сагыз, көк сагыз ж. б.) мелүүн алкакта, КМШ өлкөлөрүндө өсөт.