КАТЫШ ИДИШТЕР
КАТЫШ ИДИШТЕР – түп жагы (негиздери) өз ара байланышкан идиштер. Капилляр түтүкчөсүнүн диаметринен чоң диаметрлүү катыш идиштерге бир тектүү суюктук куюлса, анын формасына карабай суюктуктун деңгээли бирдей болот (1-сүрөт).

Суюктук манометри, буу казандарынын суу өлчөгүч айнек түтүкчөлөрү катыш идиштерге негизделген. Эгерде катыш идиштерге бир тектүү эмес, тез аралашып кетпеген
суюктуктар куюлса, анда ал суюктуктардын деңгээли тыгыздыгына жараша ар түрдүү болот, башкача айтканда p h =p h , мында p , p – суюктуктардын тыгыздыктары, h1 ж-а h2 суюктуктардын тийишип турган бетинен жогору жагы

2-сүрөт
(2-сүрөт). p h =p h байланышы аркылуу бир суюктуктун тыгыздыгы белгилүү болсо, экинчи суюктуктун тыгыздыгын аныктоого болот.