КАТЫНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЫНЬ (Катынь токою) – Смоленск облусунда­гы 1940-жылдын жазында СССР ички иш­тер эл комиссариатынын (ИИЭК – НКВД) кыз­маткерлери тарабынан атылган, польшалык ин­сандар (айрыкча туткунга түшкөн поляк армия­сынын офицерлери) көмүлгөн жер. 1939-жылы августта СССР м-н фашисттик Германиянын ор-

Катынь мемориал комплексинин салтанаттуу ачы­лышы.


Катынь комплексинин ритуал аянтчасы.

тосунда өз ара кол салбоо жөнүндө пакт түзүлгөн. Пакт боюнча Польшанын батыш аймактары Гер­манияга, чыгыш аймактары СССРге карамак болгон. 1939-жылы сентябрда Германия Польшага кол салып, 10 күндө караткан. Румынияга кач­кан Польша өкмөтү туткунга алынып, эркин­диги чектелген. 1939-жылы Кызыл Армия Украи­на, Беларуссиянын батыш аймактарын ж-а Польшанын чыгыш аймактарын караткан. Кызыл Армияга каршылык көрсөткөн поляк офицерлери, интеллигенция өкүлдөрү туткунга алынып, түрмөгө, лагерлерге камалып, 1940-жылы ИИЭК кызматкерлери тарабынан Катынь токо­юнда (Беларуссия) атылган. 1943-жылы жергиликтүү эл­дин маалыматы боюнча атылгандардын сөөктөрүн Катынь токоюнан поляктар тапкан. Совет бий­лиги 1990-жылга чейин Катынга тиешеси жок экендигин билдирип, бүт жоопкерчиликти Гер-

манияга жүктөгөн. 1990-жылы СССРдин башкы аскер прокуратурасы тарабынан Катынь жөнүндө иш коз­голуп, ал 2004-жылы жабылган. 183 томдон тур­ган Катынь жөнүндөгү иштин ичинен РФ 67 томду гана Польшага берип, калган 116 том РФтин мамлекеттик сыры катары эсептелгендиктен, Польшага бе­рилген эмес. Архив документтери боюнча Батыш Украина м-н Батыш Беларуссияда жалпысынан 21857 киши атылган, анын ичинде Катынь токоюнда 4 421, Харьковдо 3 820, Калининде 6 311 ж-а лагерлер м-н түрмөлөрдө 7 305 киши өлгөн. Тут­кунга түшкөндөрдүн арасында келечектеги Польшанын президенти Войцех Ярузельский, Израилдин премьер-министри Менахем Бегин да болгон. Катынь Польша м-н Россиянын мамилеле­рине терс таасир тийгизген. 1989-жылы Катынь мемо­риал комплекси орнотулган.

Т. Жоробеков.