КАТРАҢ-БАШЫ АЛЮМИНИЙ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТРАҢ-БАШЫ АЛЮМИ́НИЙ КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Түркстан–Алай кырка тоосунун түн. капталында, Катраң-Башы тоосунда, деңиз деңг. 1450–3000 м бийикте. Из­дөө иштери 1964–73-ж. жүргүзүлгөн. Кен айма­гы девон м-н алгачкы таш көмүр мезгилиндеги карбонат катмарларынан түзүлгөн. Алардын диаспор-темирлүү курамында бокситтин 100дөй жикчеси бар. Алюминий кычкылынын өлчөмү 38,38–62,76%, оттук таш модулу 2р–8,4. Алюми­ний кычкылынын болжолдуу запасы 4110 миң т.