КАТОД
КАТО́Д (гр. kfthodos – төмөн түшүрүү, кайрылуу) – 1) электрондун булагы болуп кызмат кылуучу электр боштугунун же газ разряддуу прибордун терс электроду. Ал электрод аралыгындагы мейкиндиктин боштуктагы же газдагы өткөрүмдүүлүгүн камсыз кылат. Электрондорду чыгарышына жараша термоэлектрондук, фотоэлектрондук ж-а муздак катод болуп айырмаланат; 2) ток булагынын (аккумулятор, гальвани элементтери ж. б.) терс электроду; 3) электр жаасынын, электролит ваннасынын ж. б. түзүлүштөрдүн ток булагынын терс уюлуна туташтырылуучу электроду. «Катод» терминин 1934-жылы М. Фарадей киргизген.