КАТМАРЛАНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТМАРЛАНУУ г е о л о г и я д а – тоо текте­ринин катталышы, бир нече кабаттын ирети м-н орун алышы. Чөкмө тектер м-н жанартоо тектери аралаш жайгашып, жалпы катмарды пайда кылышы мүмкүн. Ар бир кабат литол. курамы, өңү-түсү, түзүлүшү м-н айырмаланат. Катмарга айлануу процесси ирети м-н жүрөт. Мындай көрүнүш физ.-геогр. шартка байланыш­туу. Кабаттар астынкы ж-а үстүнкү беттерден турат. Ар бир кабат беттелиши м-н бөлүнөт. Аде­генде чөкмө тектер түз, тегиз, горизонталдуу орун алат. Тектон. кыймыл мындай катмарларды ийип чоёт, бүктөйт же ары-бери, өйдө-төмөн жылдырат, сындырып жарат. Мурдагы тарти­би бузулат. Кээде катмарлар жарыш же кыйгач орун алат. Эгерде кабаттын калыңдыгы 1 мм болсо, аны микро, 1–5 мм – эң жука, 5 мм жу­ка, 1–10 см орто, 1 мден ашыгы калың кабат же катмар деп аталат. Чөкмө тектердин тыным­сыз чөгүшүнөн калың, өзгөрүшүнөн жука кат­марланат. Кокустан тектер чөкпөй калса, анда геол. тыныгуу деп аталат. Натыйжада кийинки чөкмөлөр туура эмес жайгашат. Бурчтук туура

Тоо тек катмарлануу­сунун типтери. А – катмарларга (1–6) бө­лүнгөн кумдук кабаты: 1 – ритмдүү-иргелген ж-а горизонталь аба­лында жаткан катмар­ча; 2 – кыйгач катмар­ча; 3 – кыйгач толкун­дуу катмарча; 4 – тол­кундуу катмарча; 5 – жапыз толкундуу кат­марча; 6 – горизонталь катмарча; Б – катмар­сыз чопо.

эмес орун алуулар жүрөт. Айрым учурда конг­ломерат орун алат. Кээде мурдагы катмардын үстүн суу жеп, жемирип, эзип эритип, тегиз бол­бой толкун сыяктанып калат (к. Схема). Чөкмө тектердин катмарлануу тартибин изилдеп, ошол кездеги физ.-геогр. шартты, геол. абалды, жа­ныбарларын, өсүмдүктөрүн, тектон. кыймылдар­ды аныктоого болот.


Ад.: Ботвинкина Л. Н. Методическое руководство по изучению слоистости. М., 1975.