КАТЕГОРИЯЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 10 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЕГОРИЯЛАР (ф и л о с о ф и я д а) – чындык ж-а тааным дүйнөсүндөгү көрүнүштөр­дүн эң жалпы касиеттерин, катыштарын, ма­милелерин чагылдыруучу өзөктүү, фундаменттүү философиялык түшүнүктөр. Категориялар таанымдын ж-а коом­дук практиканын тарыхый өнүгүшүн теориялык жал­пылоонун натыйжасы катары түзүлгөн. Кате­гория жөнүндөгү окуу Аристотелге таандык, ал бар­дыгы 10 категория (маңыз, сан, сапат, катыш, орун, убакыт, аракет, жапа чегүү, ээлөө, абал) бар деп эсептеген. Азыркы учурда философтор диалектиканын материя, аң-сезим, кыймыл, убакыт, мейкиндик, маңыз м-н көрүнүш, мүм­күндүк м-н чындык, себеп м-н натыйжа, зарыл­дык м-н кокустук, мазмун м-н форма, бүтүн м-н бөлүк, сапат м-н сан, каршылык, карама­-каршылык ж. б. башкы категориялары аркылуу бүткүл дүйнөнүн маңызын олуттуу түшүндүрүүгө болот деп белгилешет.

Ад.: Левин Г. Д. Философские категории в сов­ременном дискурсе. М., 2007.