КАТАРЛАП СЕБҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАРЛАП СЕБҮҮ – дан эгиндерин себүү ык­масы. Үрөн 10–25 см катар аралыкта дисктүү же сошниктүү сепкич м-н себилет. Дисктүү сеп­кичти таштак, нымдуу жерге, сошниктүүсүн майда топурактуу аянттарды айдоодо пайдалан­са, үрөн белгилүү тереңдикте, текши себилип, жапырт өнүп чыгат. К. с-нүн кемчилиги: өсүм­дүктөрдүн аралыгы узунунан алганда өтө эле


жакын, катарынан алганда алыс болуп, өсүм­дүктүн азыктануу аянты бир капталы кууш төрт бурчтук (12,5– 15х2 см) болуп калат. Бул кемчиликти кайчылаш себүү аркылуу жоюуга болот.