КАТАЛАУН ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАЛАУ́Н ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ – 451-жылы Франциянын түндүк-чыгышында­гы Каталаун талаасында (азыркы Труа шаарынын аймагы) айрым герман уруулары (вестготтор, бургунддар, франктар, аландар) м-н бирге Аэций башкарган рим ж-а хунн аскерлеринин ортосун­да болгон согуш. Бул салгылашуу Аттила баш­таган хунндардын Галлияга, жалпы эле Евро­пага басып киришин токтотуп, алардын союзун ыдыраткан.