КАТАЛАУН ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ
КАТАЛАУ́Н ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ – 451-ж. Франциянын түн.-чыгышындагы Каталаун талаасында (азыркы Труа ш-нын аймагы) айрым герман уруулары (вестготтор, бургунддар, франктар, аландар) м-н бирге Аэций башкарган рим ж-а хунн аскерлеринин ортосунда болгон согуш. Бул салгылашуу Аттила баштаган хунндардын Галлияга, жалпы эле Европага басып киришин токтотуп, алардын союзун ыдыраткан.