КАТАКОМБА
КАТАКО́МБА – жер алдындагы жасалма же табигый жайлар. Илгери диний ырым-жырым өткөрүү, табыт коюу үчүн пайдаланылган. К. Римдин чет жакалары, Египет, Алдыңкы ж-а

Кичи Азия ж. б. жерлерде кездешет. Байыркы Рустун К. сымал жайлары Киев-Печора лаврасында сакталып калган. Мурда таш ж. б. алынган жер астындагы казмалар да К. деп аталат. Одесса м-н Ажимушкайдын айтылуу К-ларын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде сов. партизандар душманга каршы күрөштө пайдаланган. Кыргыз жеринде 1–5-к-да жашаган көчмөн уруулардын казанактуу көрлөрү К. деп шарттуу аталат.